Англияда 2023-жылы “Мухаммед” аттуу ат эң популярдуу ысым болгон

"Мухаммед" деген ысым 2023-жылы Англия менен Уэльсте эркек балдарга коюлган эң популярдуу ысым болуп, биринчи орундагы “Ной” деген ысымды артка калтырды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Белгиленгендей, “Мухаммед” деген ат 2016-жылдан бери эң популярдуу 10 ысымдын катарына кирип, Улуттук статистика бюросу түзгөн жылдык тизмеге ылайык, 2022-жылы экинчи орунда турган.

Популярдуулугу боюнча үчүнчү орунда Жорждун ордуна Оливер жайгашкан.

Ымыркай кыздар үчүн 2023-жылы эң популярдуу үч ысым — Оливия, Амелия жана Айла болуп, мурунку жылдагыдан өзгөчөлөнгөн эмес.

Ал эми Чарльз, Жорж жана Гарри сыяктуу падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнө тийиштүү ысымдар популярдуу болбой калгандыгы маалыматта белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан