Американын Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу каза болгон кыргызстандык жигиттин үй-бүлөсүнө алгачкы күндөрдөн тартып, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү АКШнын Лос-Анжелес шаарынын ыйгарым укуктуу органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында сөөктү мүмкүн болушунча тез арада мекенине алып келүү боюнча макулдашуу болгонун билдирди.
"Маркумдун үй-бүлөсүнө керектүү документтер толтурулуп, сөөктү мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу үчүн каралган бир жолку төлөмдүн тартиби жана суммасы тууралуу кеңеш берилди. Анын жакындары жана жергиликтүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланыш туруктуу түрдө камсыз кылынууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин ММКларда "Кыргызстандык жигит АКШда көз жумду. Үй-бүлөсүндө анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө каражаты жок" деген маалыматтар чыккан.