Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Акжол Махмудов үйлөндү. Бул сүйүнүчтүү кабарды Фейсбук баракчасынын колдонуучулары билдирип, видеосу менен бөлүшкөн.
Спортчу жигит Бермет аттуу кызга үйлөнгөнүн каалоо тилек айтып жаткан коноктордун билдирүүсүнөн билсе болот.
Ал эми чыгармачыл инсандардан төкмө акын Аалы Туткучев конок болуп барган. Ал спортчунун атасын мактап, кудалары менен төп келишкендигин төгүп ырдаган.
Социалдык баракчанын колдонуучулары эки жашка бакыт тилеп жатышат. Ал эми спортчу өзү үлпөт тою боюнча азырынча үн ката элек.