"Сосновка" жана "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди

Бүгүн, 8-декабрда Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 07:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, Токтогул районунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилген.
"Чектөө Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген. Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат. Кошумча маалымат берилет", -деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга сунуштайт:
- унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкы алмаштыруу;
- алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алуу;
- унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо;
- зарылдыгы болбосо алыска сапар тартууну, башка күнгө жылдыруу.
ӨКМ кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү кызматына токтоосуз байланышууга чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан