Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль “мамлекеттик чыккынчы” деген айыпка шетелүүдө. Бул туурасында өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышты.
"Көптөгөн даттануулар түшүп, процедурага ылайык териштирүүлөр жүрүп жатат" - деди өткөн аптада Юндун кыскача аскердик абал жарыялоосу боюнча атайын тергөө тобун жетектеген Пак Се Хён.
Пак прокуратура Юндун үсүнөн мамлекеттик чыккынчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деген айыптар боюнча иликтөө жүргүзүп жаткандыгын кошумчалаган.
Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Окуядан кийин бир нече жетекчилер жумуштан кетип, Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырган.
Ал эми парламент оппозиция киргизген президентке импичмент жарыялоо долбооруна добуш бере алган жок, Анткени бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен.