Сирия президент Башар Асаддын бийлиги аяктаганын жарыялады

Сириянын премьер-министри президент Башар Асад өлкөдөн качып кеткенден кийин бийликти козголоңчуларга өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат алтыда козголоңчулар Дамаскка кирип, шаардын жанында жайгашкан Сайедная түрмөсүн басып алышкан жана ал жактагы туткундарды бошотушканын айтышкан.

Козголоңчулар муну “адилетсиздик доорунун соңу” деп аташкан.

Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери ал жерге Башар Асаддын режиминин каршылаштары жайгаштырылган. Укук коргоочулар согуштун биринчи беш жылында бул жерде 5 миңден 13 миңге чейин адам толук жашыруун түрдө өлүм жазасына тартылганын билдиришкен.

Дамаскта болуп жаткан окуялар боюнча расмий комментарийди өлкөнүн премьер-министри Мухаммад Гази ал-Жалали гана берди. Ал Сирияда экенин жана бийликти өткөрүп берүү үчүн бардыгына даяр экенин айткан.

Жооп катары козголоңчулардын лидери Дамасктагы өкмөттүк мекемелер бийлик расмий түрдө өткөнгө чейин премьер-министрдин көзөмөлүндө кала берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан