Кытайдын чыгышында чыккан өрттөн 9 адам каза болгонун Синьхуа агенттиги жергиликтүү бийликтерге таянуу менен билдирди.
Өрт 7-декабрда Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясында курулуп жаткан муздаткыч кампадан чыккан.
Учурда окуянын себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.