Трамп АКШнын Мексикадагы мурдагы элчисин жогорку кызматка көрсөттү 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 2019-2021-жылдары Кошмо Штаттардын Мексикадагы элчиси болуп иштеген Кристофер Ландауну мамлекеттик катчынын биринчи орун басары кызматына көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Кристофер Ландаунун талапкерлигин көрсөткөнүмө кубанычтамын" деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Трамп 61 жаштагы Ландау АКШнын Мексикадагы элчиси катары иштеп жүргөндө мыйзамсыз миграциянын агымын эң төмөнкү деңгээлге түшүргөнүн белгилеген.

Эми анын талапкерлиги расмий түрдө көрсөтүлгөндөн кийин АКШ Конгрессинин Сенаты бекитиши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан