Грузияда демонстранттар жаңы жылдык балатыны жасалгалашты

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында нааразылык акциясына чыккандар парламент имаратынын жанына орнотулган жаңы жылдык балатыны желек, сүрөттөр менен жасалгалашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, жекшемби күнү кечинде грузин оппозициясынын тарапкерлери Руставели проспектисин тосушкан жана парламент имаратынын жанына ортотулган жаңы жылдык балатыга Грузиянын, Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектерин илишкен. Ошондой эле алар балатыны полиция менен кагылышууда жабыр тарткандардын сүрөттөрү менен кооздошкон.

Мындан тышкары чогулгандар парламенттин имаратын көздөй бир нече жолу фейерверк атышкан. Полиция болуп жаткан иштерге кийлигишкен эмес.

Айта кетсек, Грузияда оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары 28-ноябрда премьер-министр Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан