Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 397 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын бүгүн, 9-декабрга карата маалыматында айтылат.
Ага ылайык, суунун агып келиши секундасына 189 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 770 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, былтыр, 9-декабрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 314 миллион куб метрди түзгөн.