"Түркия билген". Reuters агенттиги Сириядагы жаңжал тууралуу күтүүсүз макала жарыялады

Сирияда бийликке келген козголоңчулар Түркияга жарым жыл мурун ири чабуул жасоо пландары тууралуу маалымдаган. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди.

Агенттик сириялык оппозиционерлер түрк тараптын "унчукпоо" макулдугун алышкан деп жазат. Reuters белгилегендей, расмий Анкаранын Сириянын качып кеткен президенти Башар Асад менен байланышын оңдоого жасаган кадамдары ийгиликсиз болгондон кийин козголоңчулар пландалган чабуул тууралуу Түркияга маалымат беришкен. Агенттиктин маалыматына караганда, куралдуу оппозиция Анкарага алдын ала кабар бербестен өз аракеттерин баштай алмак эмес.

Ал эми Reuters агенттигине атын атагысы келбеген түрк бийлигинин өкүлү Сириянын Алеппосундагы операция Түркиянын макулдугу менен ишке ашты деп айтуу өзү туура эмес экенин белгилеп, козголоңчулар "бизден буйрук же көрсөтмө албайт жана өз иштерин биз менен маакулдашпайт" деген.

Айта кетсек, сириялык козголоңчулар ишембиде Дамаскка басып кирип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан