Коңшу Казакстандын Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасынын сөөгүн шаардын четинен табышкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал өз жанын кыйган. Бул тууралуу Алматы облусунун полициясы билдирди.
"Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алуу менен өз жанын кыйган. Маркум үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында кайгылуу түрдө каза болгон жашы жете элек Шерзат Болаттын агасы экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Полиция бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Бирок трагедиянын криминалдык мүнөздөгү белгилери аныктала элек.
"Маркум Шерзаттын үй-бүлөсү дайыма милициянын коргоосунда болгон. Бул убакыт аралыгында маркумдун үй-бүлөсүнө коркутуулар катталган эмес. Күзөт кызматкерлеринин түшүндүрмөлөрүнө караганда, аталган жаран күзөттө турган жайдан саат 23:30да жеке унаасы менен чыгып кеткени аныкталган", - деп айтылат милициянын маалыматында.
Эске салсак, 4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.
Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.
12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.