Өзбекстандын президенти 500дөй соттолгон жаранга ырайым кылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 500гө жакын соттолгон адамга ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, жарлык республиканын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына байланыштуу чыгарылган. Анда Мирзиёев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “билбестиктен кылмыш жасаган” 483 адамга ырайым кылган.

Мунапыс берилгендердин ичинен 107 адам жазадан толук, 275 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда жаза өтөөдөн бошотулган. Жети соттолгондун жазасы жеңилдетилген жазага алмаштырылат. 94 адамдын эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза мөөнөтү кыскартылат.

Кечирим берилгендердин арасында 25 чет мамлекеттин жараны, 32 аял, 60 жаштан жогору 5 эркек, 104 жашы жете элек өспүрүм, ошондой эле тыюу салынган уюмдарда катышкан 6 киши дагы бар. Ал эми калгандары 30 жашка чейинки жарандар.

Ошону менен катар жооптуу министрликтерге ырайым кылынган жарандардын социалдык адаптацияланышына, пайдалуу эмгекке тартылышына, сергек жашоо образын тандоосуна жана коомдо татыктуу ордун ээлөөсүнө көмөк көрсөтүү тапшырмасы коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан