Эки кыргыз мушкери Азия чемпиондугунда коло медаль утту

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Рыспек Бектенов жана Мирзохид Имамназаров Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн Азия чемпиондугунда коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, мелдешке 21 өлкөдөн 210 мушкер катышып, эркектер арасында 13 жана кыз-келиндер арасында 12 медалдар топтому ойнотулду.
Анда Бектенов 60 килограммга чейинки салмакта катышса, Имамназаров 63.5 килограммга чейинки салмак категориясында мелдешке чыкты.
Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан