"Бирөө мен". Эрдоган дүйнөдө эки гана лидер калганын айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Газиантеп провинциясында жаштар менен болгон жолугушууда учурда дүйнөдө эки гана лидер калганын айтты

Эрдогандын айтымында, эки лидердин бирөө Путин болсо, бирөө өзү.

"Учурда дүйнөдө эки гана тажрыйбалуу лидер калды. Алар мен жана Владимир Путин. Путин экөөбүз 22 жылдан бери бийликтебиз, калгандарынын баары кетти. Биз диалогубуздун уланышын каалайбыз, бул жерде саясатты улантуу маанилүү.

Мисалы, канцлер Ангела Меркель кеткенден кийин Германияда саясат бүттү", - деген Эрдоган.

70 жаштагы Эрдоган Түркиянын 12-президенти. Ал буга чейин 2003-2014-жылдары Түркиянын премьер-министри жана 1994-1998-жылдары Стамбул шаарынын мэри болуп иштеген. Бийликтеги "Адилеттик жана өнүгүү партиясынын" негиздөөчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан