Чүйдө 56 жаштагы Бахтихан Турсунова үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз жоголду

Чүйдө 57 жаштагы Бахтихан Турсунова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция бүгүн, 9-декабрда кабарлады.
Билдирүүдө камтылгандай, ал 7-декабрда саат 17:00 чамасында Аламүдүн районунун Ленин айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес.
Бул факты Аламүдүн РИИБинде катталып, териштирүү иштери башталган.

Белгилери: Бою: 165 сантиметр, сол колунда тырыгы бар, психикалык оору менен жабыркайт.
Кийген кийимдери: көк халат, хаки түстөгү жемпир, башында кочкул кызыл түстөгү жоолук, бутунда кочкул кызыл түстөгү тапичке.
Милиция Бахтхан Турсунова тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге 0312 36-35-27, 363523, 362825 (нөөмөт бөлүмү) же 0704 102 112 кабарлап коюну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан