Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын Дамасктагы резиденциясы оппозиция тарабынан басып алынгандан кийин тонолду. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Анда марадёрлор Башар Асаддын хан сарайына келип, болгон буюмун бүт көтөрүп кетишкен. Хан сарайда эмеректер менен Башар Асаддын портрети гана калган.
Ошондой эле сириялыктар Башар Асаддын элиталык райондогу унаа токтотуучу жайын дагы таап алышкан. Ал жакта Ferrari, Audi, Mercedes сыяктуу кымбат баалуу унаалар болгон.
Өз кезегинде сириялык оппозиция жарандарды мамлекеттик менчикти сыйлоого чакырды, анткени ар кандай имараттар жана курулуштар элге таандык.