Бүгүн, 9-декабрда Астана убактысы боюнча саат 08:24тө Казакстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү 3,9 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында, Алматы шаарынан 742 чакырым түштүк-батышты карай катталган. Казакстандын аймагында жер титирөө Мактаарал районунун Атакент айылында сезилип, күчү 2 баллга жеткен.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.