Биз социалдык тармакта

Равшанбек Сабиров эмгек министри болуп дайындалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп Равшанбек Сабиров дайындалды. Тешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы бүгүн, 9-декабрда билдирди.

Белгилей кетсек, 4-декабрда Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 5-декабрда Жогорку Кеңеш Сабировдун талапкерлигин жактырган болчу.

Буга чейин бул кызматта иштеген Жылдыз Полотова 4-декабрда иштен алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан