Эртең, 10-декабрда Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Калган региондордо жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10 ... -15, күндүз -4 ... -9,
Таласта түнкүсүн -13 ... -15, күндүз -5 ... -7,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -8 ... -10, күндүз -2 ... -4,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -11 ... -13, күндүз -3 ... -5,
Нарын облусунда түнкүсүн -17 ... -19, күндүз -7 ... -9,
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -11 ... -13, күндүз -4 ... -6 градус болот.