Түштүк Кореянын Юстиция министрлиги президент Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка карганда, мындай чектөө Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу (CIO) өтүнүч кат жолдонгондон көп өтпөй киргизилген. Бул тыюу биринчи жолу иштеп жаткан президентке карата колдонулуп жатат. Ал “мамлекеттик чыккынчы” деген айыпка шетелүүдө.
Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Окуядан кийин бир нече жетекчилер жумуштан кетип, Демократиялык партиясы Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырган.
Ал эми парламент оппозиция киргизген президентке импичмент жарыялоо долбооруна добуш бере алган жок, Анткени бийликтин партиясынын мүчөлөрү бойкот жарыялап, 105 депутат жыйындан чыгып кеткен.