Бишкек мэриясы тротуар, тепкичтерди кардан тазалоо керектигин эскертти

Бишкек мэриясы туруксуз аба ырайына жана алдыдагы жаан-чачынга байланыштуу кыш мезгилинде айлана-тегеректи тазалоону эскертет. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объектилердин ээлери, менчик ээлери жана пайдалануучулары атайын бөлүнгөн жана чектеш жерлердеги тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду жана унаа токтотуучу жайларды кардан жана муздан тазалоого милдеттүү.

Бул тартип Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринде белгиленген. Башкача айтканда, менчигинин түрүнө карабастан тазалыкты, тартипти сактоосу зарыл.

"Муз болуп, жер тоңгон учурда инерттүү материалдар (кум, майда майдаланган таш ж. б.) себилет. Көчөлөрдү кышкы тазалоо иштери да «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кеңселериңиздин жана үйлөрүңүздүн айланасын көзөмөлдөп коюуңуздарды суранабыз", - деп белгиледи Бишкек мэриясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан