Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоо башталды

Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоо башталганын билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, талапкерлер 2025-жылдын 15-январы саат 14:00гө чейин (Борбордук Европа убактысы боюнча) онлайн-системада катталып, формаларды толтурушу жана талап кылынган документтерди жүктөшү зарыл.

Ошондой эле 2025-жылдын 15-январы саат 18.00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) "Чет өлкөдө окууга Кыргыз жарандарын кабыл алуу порталы" тиркемесине катталып, бардык талап кылынган документтерди жана сүрөттү жүктөө керек.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2025-2027-жылдарга Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында жыл сайын Кыргыз жарандары үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында гранттар бөлүнүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан