Дүйнөгө белгилүү дагы бир футболчу карьерасы аяктаганын жарыялады

Футбол боюнча Португалия улуттук курамасы менен Европа чемпиону болгон атактуу футболчу Луиш Нани футболдогу карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жарым коргоочу ноябрда 38 жашка толду, анын акыркы клубу Португалиянын "Эштрела" аттуу клубу болуп калды.

"Коштошууга убакыт келди. Мен профессионал оюнчу катары карьерамды бүтүрүүнү чечтим. Бул укмуштуудай убакыт болду. 20 жылдан ашык убакытка созулган карьерамда мага жардам берип, колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиргим келет. Жаңы максаттарга жана кыялдарга көңүл бурууга убакыт келди. Жакында көрүшкөнчө!" - деп жазды Нани.

Луиш Нани "Манчестер Юнайтед", "Спортинг", "Фенербахче", "Валенсия", "Лацио", "Орландо Сити", "Венеция", "Мельбурн Виктори" жана "Адана Демирспор" клубдарында ойногон. Португалия курама командасынын курамында жарым коргоочу "Евро-2016" турниринде алтын, 2012-жылы Европа чемпиондугунда жана 2017-жылы Конфедерациялар Кубогунда коло байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан