
Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жумада 7335 КРВИ жана 1 сасык тумоо учуру катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 3,8 пайызга көп. Ал эми ооруу жугузгандардын 70 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Оору Бишкек, Ош, Ысык-Көл жана Талас облустарында көп катталууда.
Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги ооруну алдын алуу үчүн бир нече эрежелерди сунуштады:
- беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо жана жөтөлгөндө оозду, мурунду жүз аарчы менен жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
- жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилер пайда болуп, өзүн начар сезген адамдарды өз убагында изоляциялоо;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо.
Сасык тумоо оорусуна чалдыккандардын саны көбөйгөндүктөн,
SUPER.KG порталы сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу ооруларды кантип алдын алса болот, ооруп калган учурда эмне кылуу керек, ушул жана башка суроолор менен дарыгерге
кайрылып көрдү.