Бишкекте 2008-жылы туулган Баатырова Малика Калыбековна дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал 8-декабрь күнү болжол менен саат 14:00 чамаларында Көлмө жаңы конушундагы үйүнөн "ГУМ соода борборуна барып келем" деп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: чачы кочкул-күрөң түстө жана ийинден ылдый, көзү кара-күрөң, бою 165-170 сантиметр.
Кийген кийимдери: ак кышкы курта, кара шым, кара бут кийим, күрөң түсөгү шарф.
Милиция Маликаны көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 56-60-43, 0312 56-32-48, 996 (509) 72-35-79 жана 0312 62-01-03.