
Чүйдө 65 жаштагы
Ахмед Жантаев 26-октябрдан бери дайынсыз болуп, изделип жатат.
Облустук милиция билдиргендей, Жантаев Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Аталган факты Ысык-Ата РИИБине каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү кара, эс тутуму начар.
Кийген кийимдери: күрөң түстөгү жилет, жашыл күрмө, боз шым, бутунда көк түстөгү тапичке.
Милиция
Ахмед Жантаев тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге:
0505 768876,
0312 61-69-07 кабарлап коюуну өтүнөт.