Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу 31-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, сот Бишкектин Биринчи май администрациясынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 27-сентябрда карап, канааттандырган.

Митингге чыгууга болбой турган жайлар:

  • "Ала-Тоо" аянтында;
  • Эркиндик кең көчөсү: Темир жолдон Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңештин имаратынын жанында;
  • Панфилов паркында;
  • Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
  • Жогорку соттун алдында;
  • Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
  • УКМК жана ИИМ имараттарынын жанында.

Райондук сот ар кандай акцияларды Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында аталган аймактарда митинг өткөрүүгө тыюу салган. Андан бери чектөөнүн мөөнөтү узартылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан