Акылбек Жапаров быйыл ИДП 9 пайызга өскөнүн билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

“Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатат, бул президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өкмөттүн ишинин натыйжасы. 2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк”, - деди өкмөт башчы.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 1 миллиард 225 миллион 950 миң сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109 пайызды түздү (2023-жылдын январь-ноябрында – 104,4 %).




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан