Баткенде 34 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Баткенде баңгизат сатам деп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда облустук милициядан кабарлады.

Маалымдалгандай, милицияга Баткен районунун аймагында белгисиз жаран жашыруун түрдө баңгизатын колдонуп жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Кадамжай районунун 34 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну Баткен шаарынан кармалып, тинтүү учурунда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизатына окшогон зат табылып алынган.

Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда 2,72 граммдан ашуун “гашиш” наркотикалык заты экендиги аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан