Кыргызстандык тайбоксчулар Камбоджанын Сиемреап шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 10 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеште кыргыз спортчулары 8 алтын, 2 күмүш медаль тагынышкан.
Алтын медалдын ээлери:
Махабат Орозбекова;
Диана Заинитдинова;
Нурсултан Карбозов;
Алия Саалыева;
Милана Шихшабекова;
Аделя Асылбек кызы;
Альберт Бактыбеков;
Элазан Замирбеков.
Күмүш медалдын ээлери:
Аланур Абдыкаров;
Ихтияр Каныметов.
Курама команда башкы машыктыруучу Дилшат Даутов жана машыктыруучу Александр Кононенконун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.