Төрага Шакиев Москвада ЖККУ ПАнын кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 9-декабрда Москва шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин катышуусунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин кезектеги жыйыны жана 17-пленардык отуруму өттү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары катышты.

Өз баяндамасында Шакиев Кыргызстан ЖККУ алкагындагы байланыштарды арттырууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеп, алдыда жасалчу иш-аракеттер тууралуу сөз кылды. Ал Кыргызстан кийинки жылы киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүп жатканын айтты. Сөзүнүн аягында ЖККУ ПАнын кийинки жыйыны 2025-жылы Кыргызстанда өтөрүн маалымдады.

Жыйындын соңунда атайын билдирүү жана биргелешкен кайрылуу кабыл алынды. Билдирүүдө Жакынкы Чыгыштагы, тагыраагы, Газа тилкесиндеги, Ливан жана Сирия мамлекеттериндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш-талаптар камтылган. Ал эми кайрылууда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына байланышкан демилгелер берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан