Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Катардын борбору Доха шаарында “Диалог, дипломатия жана көп түрдүүлүк” (Diplomacy, Dialogue and Diversity) деген ураан астында өткөн форумга катышты. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2003-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык иш-чарада дүйнөлүк саясаттын, технологиянын, энергетиканын жана азык-түлүк коопсуздугунун актуалдуу маселелери талкууланып, азыркы учурдун негизги көйгөйлөрүн чечүү боюнча пикир алмашуулар болду.
Токаев Newsmaker Interview форматындагы атайын сессияга катышып, CNN телеканалынын журналисти Жулия Чаттерлинин суроолоруна жооп берип, учурдун негизги маселелери боюнча маанилүү позицияларды билдирди.
Казакстандын президенти биринчи кезекте БУУнун эффективдүү ишинин маанилүүлүгүнө жана орто күчтөрдүн ролунун өсүп жатканына токтолду.
"БУУ универсалдуу уюм катары адамзат үчүн өтө зарыл. Негизги державалар, тилекке каршы, глобалдык дүйнөнү коопсуз кыла алышкан жок. Ал эми азыркы реалдуулуктар, албетте, көптөгөн мамлекеттерди, анын ичинде Казакстанды да терең тынчсыздандырууда. Ошондуктан БУУда реформа керек. Биз ири державалардын ортосунда көпүрөлөр курулууга тийиш деп эсептейбиз, анын жоктугу, тилекке каршы, Коопсуздук Кеңешин туюкка алып келди. Ортоңку державалар, анын ичинде Казакстан регионалдык жана глобалдык деңгээлде тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда абдан маанилүү ролду ойной алат", - деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Ошондой эле ал дүйнөлүк соодадагы карама-каршылыктарга байланыштуу маселелер боюнча өз позициясын билдирди.
"Менин көз карашым боюнча, соода конфликттери, анын ичинде тарифтик чаралар жакшы чечим эмес, бул өтө күмөндүү саясат. Казакстан ДСУнун мүчөсү катары бул маанилүү соода-экономикалык уюмдун бардык нормаларын жана эрежелерин так аткарат. Биз тоскоолдуктарды жана чыр-чатакты колдобойбуз. Казакстан мындай тирешүүгө катышпайт, анткени биздин аймактык коңшуларыбыз жана башка мамлекеттер менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу мамилебиз бар. Ошондуктан мындай көйгөй дүйнөнүн биздин бөлүгүнө коркунуч туудурбайт деп эсептейм. Ошол эле учурда биз бардык ири державаларды кысым көрсөтүүнүн мындай инструменттерин колдонбоого чакырабыз", - деди президент.
Мындан сырткары Токаев Казакстандын тышкы саясаты, Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле Казакстандын өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу боюнча суроолорго жооп берди.