Нурланбек Шакиев Владимир Путин менен жолугушту. Анда эмне тууралуу кеп болду?

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери да катышты. Баарлашууда эки жана көп тараптуу алакаларды арттыруу, айрыкча ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле байланыштарды бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу тууралуу сөз болуп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгы белгиленди. Мындан тышкары аймактык коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан