АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен элдешүүгө умтулуп, тынчтыкты жактай турганын билдирди. Бул тууралуу ал The New York Post гезитине берген маегинде билдирди.
Шайлоодон кийин Украинадагы согушту токтотууну убада кылган Трамп Зеленский тынчтыктын зарылдыгын түшүнөрүн белгиледи. Трамптын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин да ага жетишүүгө кызыкдар болушу керек, анткени Орусия согушта чоң жоготууларга учурады.
"Менин оюмча, Путин деле убакыт келгенин түшүндү, анткени ал буга чейин эле жеңилген. Муну 700 миң адамдын жоготуулары өзү эле айтып турат”, - деди Трамп.
Бул сандар болжол менен украин тараптын маалыматтарына дал келет, бирок Кремль аларды ырастай элек.
Жакында эле Парижде өткөн Зеленский жана Макрон менен жолугушууда Трамп согушту токтотуунун келечегин талкуулаган. Зеленский Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери болмоюнча тынчтык болушу мүмкүн эмес экенин белгилеп, документтерге кол коюу жетишсиз экенин айткан.
Трамп ошондой эле Макрон менен НАТОнун келечеги тууралуу сүйлөшкөнүн ырастады. Ал эгер союздаштар финансылык чыгымдарды адилеттүү бөлүштүрсө, Кошмо Штаттары альянстагы өз милдеттенмелерин так аткарарын баса белгиледи.