Израил Газадагы ун таратуучу жайга сокку урду

Израил Газадагы ун таратуучу жайга жана Жабалия качкындар лагерине сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-декабрдан 9-декабрга чейинки 24 сааттык мезгилде 22 палестиналык, анын ичинде аялдар жана балдар набыт болгонун билдирди.

Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагери 65 күндөн бери курчоодо, анын миңдеген тургундары тамак-ашка жана сууга жетпей калууда. Ал эми түштүктөгү Рафах шаарында Израилдин түнкү соккусунан ун үчүн кезекте турган он киши набыт болду.

Согуш башталгандан бери Израилдин Газадагы соккуларынан 44 миңден ашуун палестиналык набыт болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Израил эл аралык коомчулуктун, анын ичинде БУУ менен АКШнын эскертүүлөрүнө карабастан, күн сайын ооруканаларга кол салууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан