ИИМ коррупцияга айыпталгандар 12 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти 

Коррупцияга айыпталгандар 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

ИИМ жемкорлук же пара берип сатып алуу – саясат чөйрөсүндөгү же мамлекеттик башкаруудагы коомдун кооптуу көрүнүшү экенин белгилейт. Коррупция ишти жаап-жашыруудан башталат. Анда пара алуу, шалаакылык, кызмат адамдарынын мамлекеттик же менчик мүлктү энчилеп алуусу, кызматттык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу кездешиши ыктымал.

"Коррупционерлер Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине ылайык, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Урматтуу жарандар, келечек муун үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, мамлекет үчүн кайдыгер карабайлы. Эгерде сиздер коррупциялык көрүнүштөргө күбө болсоңуз, 0312 266261 байланыш телефону аркылуу ИИМге кабарлаңыздар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан