Бишкек–Ош унаа жолунда жол кайгуул кызматкерлери жолго кум сээп жүрүшкөн видеосу социалдык тармактарда тарады.
Видеодо Ош облусунун Өзгөн районунда жол тескөөчүлөр унаалар тайгаланып кетпеш үчүн унаа жолго кум сээп жүрүшкөнүн көрүүгө болот.
Ошондой эле анда күбөлөрдүн бири аларга ыраазычылыгын билдирип жатканын угууга болот.