Москвада “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аталышындагы фестиваль өтөт

15-январда саат 19:00дө Орусиянын борборунда КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн 3-Эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалындагы эң мыкты тасмалар көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда иш-чаранын координатору Чолпон Идрисова билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөтүү Кино үйүндөгү ак залда өтөт. Орусиянын Кинематографисттер союзунун Жаштар борбору демилгечи болуп чыкты.

Иш-чарада кийинки тасмалар көрсөтүлмөкчү:

1. «Кылымдардан ашкан эл», Марсбек Бусурманкулов (Кыргызстан), калыстардын атайын сыйлыгынын ээси;

2. «Согуштун мууну», Давид Пипия (Грузия), калыстардын атайын сыйлыгынын ээси;

3. «Атаке», Айнур Исмаилова (Казакстан),  "Элдин купулуна толгон тасма” наамынын жеңүүчүсү;

4. «Кара далы», Алижан Насиров (Кыргызстан), “Мыкты режиссура” наамынын ээси;

5. «Алхас жана Жульетта», Ашот Кещян (Армения-Абхазия), “Мыкты режиссура” наамынын ээси;

6. «Ортосунда», Шарофат Арабова (Тажикстан), “Мыкты тасма” наамынын жеңүүчүсү;

7. «Перегон», Руслан Акун (Кыргызстан), “Мыкты тасма” жана “Элдин купулуна толгон тасма” наамдарынын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldish12
2014-01-06 20:04:37
oo jakshy
0
oma0303
2014-01-06 20:15:33
дарегин жазып койбойсуздарбы...???
0
Нургазы Аматов
2014-01-07 09:16:56
Урматтуу oma0303, кайсыл жерде боло турганы жазылып турбайбы: Кино Уйундогу Ак залында. Кошумчалап кетейин - кируу акысыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан