Сирияда эл Башар Асаддын тууганын кармап алып, дарга асты

Сирияда бийликтен кулатылган лидер Башар Асаддын аталаш бир тууганы Сулейман Хилал Асад Латакиядагы шаар аянтында өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу бир нече чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөсүн таштай качкан Башар Асаддын үй-бүлөсүнүн арасында өлкөдөн чыга албай калгандар да бар болгон. Алардын бири Башар Асаддын аталаш бир тууганы Сулейман Хилал Асад болчу. Аны козголоңчулар Латакия шаарынан кармашып, ошол эле шаардын аянтында элдин көзүнчө дарга асышкан.

Ал Сирия армиясынын полковнигин өлтүргөн деп айыпталган.

Окуя 6-августта Латакиянын борборунда болгон. Анда Сулейман Хилал Асад армия офицери Хасан аш-Шейхге машинасын алдыга өткөрбөй койгонуна ачууланган. Андан кийин ал офицерди туугандарынын көзүнчө атып салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан