Тайванга Кытайдын Элдик боштондук армиясынын 47 учагы, 12 кемеси жана Кытайдын өкмөттүк ведомстволорунун 9 кемеси жакындоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Арал өлкөсүнүн Коргоо министрлиги 16 учак Тайвань кысыгынын орто сызыгын кесип өткөнүн, буга армия учактарды, кемелерди жана жердеги зениттик-ракеталык системаларды колдонуу менен жооп кайтарганын билдирген.
Тайвань аралын 1949-жылы Кытайдагы жарандык согушта жеңилген Чан Кайши менен бирге аралга качып келген анын тарапташтарынын урпактары башкарат. Пекин Тайванды Кытайдын бир бөлүгү катары эсептейт.