Бүгүн, 10-декабрда АКШда күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору маалымдады.
Ага ылайык, күчү 5,8 баллга жеткен жердин силкинүүсү Невада штатында катталды. Очогу 241 миңден ашык адам жашаган Рина шаарынан 77 чакырым алыстыкта жайгашкан.
"Жабырлануучулар жана кыйроолор боюнча азырынча маалымат айтыла элек. Цунами коркунучу тууралуу билдирүү таратылган жок", - деп айтылат маалыматта.