Дональд Трамп Мексика менен Канаданы АКШга кошулууга чакырды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Канада менен Мексиканы Американын курамындагы жаңы штат кылууну сунуштады. Ал бул тууралуу NBC телеканалына курган маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз Канадага жылына 100 миллиард доллардан ашык, Мексикага дээрлик 300 миллиард доллар субсидия бөлөбүз. Андай кылууга милдеттүү эмеспиз. Эмнеге биз бул өлкөлөргө субсидия берип жатабыз? Андан көрө алар бизге жаңы штат болушсун", - деген Трамп.

Буга чейин саясатчы мыйзамсыз мигранттардын агымынан жана баңги аткезчилигинен улам Мексика менен Канададан келген бардык товарларга салыкты жогорулатарын айтып коркуткан.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо АКШга мыйзамсыз миграциянын агымын азайтуу үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү убада кылды, бул үчүн дрондор жана тик учактар ​​колдонулушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан