Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 11-декабрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Ал эми батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10 ... -15, күндүз -1 ... -6,
Таласта түнкүсүн -10 ... -15, күндүз -2 ... -7,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -8 ... -10, күндүз -1 ... +1,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -13 ... -15, күндүз -1 ... -3,
Нарын облусунда түнкүсүн -18 ... -20, күндүз -7 ... -9,
Бишкекте түнкүсүн -12 ... -14, күндүз -1 ... -3 градус суук болот.