Эдил Байсалов БУУнун өкүлү Матильда Богнер менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык кеңсесинин башчысы Матильда Богнер менен жолукту.

Өкмөттөн кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 10-декабрда – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Анда Байсалов Кыргызстан адам укуктарын коргоого, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин сактоого жана демократиялык институттарды бекемдөөгө туруктуу умтулуусун белгиледи.

Тараптар жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен улуттук консультацияларды өткөрүү процессине өзгөчө көңүл буруп, Универсалдуу мезгилдүү обзордун алкагында улуттук баяндаманы даярдоону талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен кызматташууну кеңейтүү перспективалары, анын ичинде бул жааттагы негизги демилгелерди ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан