Израилдин аскерлери Голан аймагын басып, Дамаскты көздөй бет алышты (видео)

Израилдик аскерлер Голан дөңсөөлөрүнүн буфердик аймагынан чыгып, Дамаскты көздөй жылып жатышат. Бул тууралуу Al Mayadeen агенттиги билдирди.

Маалымдалгандай, Израилдин аскерий техникалары учурда Сириянын борборунан 20 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Катна шаарынын аймагында. Ошондой эле ушундай аталыштагы провинциядагы бир нече калктуу конуштар оккупациаланган.

Ошол эле маалда ошол түнү Израилдин авиациясы жана ракеталык күчтөрү Сириянын эң ири аба базаларына чабуул жасап, Сириянын аба күчтөрүнүн инфраструктурасын, учактарын жана тик учактарын жок кылышкан. Дамасктын өзүндөгү буталарга сокку уруулар уланууда.

10.12.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан