Израил армиясынын танктары Сириянын борбору Дамасктан 20 чакырым алыстыкта буфердик зонанын сыртында байкалды. Бул тууралуу Al Mayadeen басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, танктар Израилдин коргонуу күчтөрүнүн (IDF) бөлүктөрүнүн мурда жайгаштырылган буфердик зонанын чегинен чыгып кеткени белгиленди. Израилдик аскерлер Дамасктан 21 чакырым алыстыкта жайгашкан Катана шаарчасында болушууда.
Ошондой эле президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан бери израилдик аскерлер Дамасктын түштүгүндөгү Аарна, Бакасм, Риеме, Хина, Кала, Жандал, Аль-Хусейния, Жита жана Аль-Хашаб сыяктуу бир нече шаарларды жана кыштактарды басып алышканы кабарланууда.