Румыниянын Брасов шаарында өлкөнүн эң бийик жаңы жылдык балатысы катуу шамалдан улам кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кечээ 9-декабрда өлкөдө катуу шамал болуп, борбордук аянттагы бийиктиги 29 метр, салмагы 17 тоннадай болгон балаты кулап түшкөн. Кырсык болгон жерден жабыр тарткандар катталган эмес.
Майрамдык балаты кулаган учур тартылган видео социалдык тармактарга тарап, "шамалга туруштук бере алгыдай жасалган эмес" деп аны сынга алгандар болгон.