Түштүк Кореянын 10 министри полицияга суракка чакыртылды

Кореянын полициясы 3-декабрдагы согуштук абалдын жарыяланышына байланыштуу премьер-министр Хан Док Су баш болгон 10 министрди суракка чакырды. Бул тууралуу ТААС агенттиги жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, полиция эгер министрлер суракка келбесе, тергөө иштери мажбурлоо менен жүргүзүлөрүн эскерткен.

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Окуядан кийин бир нече жетекчилер жумуштан кетип, Демократиялык партиясы Юн Сок Ёлду кызматтан кетүүгө чакырган.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги козголгон кылмыш ишине байланыштуу Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Ал эми аскердик абал жарыялоону сунуш кылган Коргоо министри Ким Ён Хён камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан