Оңдоодон кийин мамлекеттик цирктен канча киреше түшүп жатканы айтылды 

Мамлекеттик цирк бир жумада 5 миллион сомдон ашык пайда тапты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, аталган цирк бир жума ичинде, тактап айтканда 1-декабрдан 8-декабрга чейин 5 миллион 370 миң сом пайда таба алган. Анын 1 миллион 360 миң сомун BMW компаниясы ижара акысы үчүн төлөгөн. Ал эми айдын аягына чейин цирктен 13 миллион 312 миң сом түшөрү күтүлүп жатканы айтылды.
"Мамлекеттик цирктин мурдагы абалын жакшы билесиздер, адам киргис абалга жетип калган болчу. Көрүүчүлөргө ыңгайсыз, ичи жагымсыз жытка толгон, жайында ысык, кышында суук. Президент Садыр Жапаров абалын өзү барып көргөндөн кийин капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берген. Жакында оңдоо жумушу аягына чыгып, циркке келгендердин саны өсүп, ага ылайык кирешеси дагы көбөйдү", - деп билдирген Орунбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан